Биринчи вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, акыркы апталарда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү.
Ошто 30-июлдан тарта эттин баасы килограммына 480 сомго түшөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-июль күнү, мэрияда эттин баасы тууралуу кеңешме өтүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эт сатуучулар жана фермерлер катышты. Биринчи вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, акыркы апталарда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү.
"Мындан улам шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу эттин баасын арзандатуу өтүнүчү менен кайрылууда”, — деди вице-мэр.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ниязбек Мойдинов аймакта эт олуттуу себеби жок эле кымбаттап кеткенин айтты.
Кеңешменин жыйынтыгында 30-июлдан тарта эттин килограммын 480 сомго түшүрүү чечими кабыл алынды.