Мырзалардын айымдарга айта албаган сөзү

27 июля 2021 Мырзалардын айымдарга айта албаган сөзү

Кыргызда “эркек бала ыйлабайт”, “сен баатырсың да”, “эр жигит көп сүйлөбөйт” деп уулдарды түнт кылып тарбиялап келишкен. Ошондуктан, көп мырзалар ичинен кыйкырып алышканы менен, сыртына эч нерсе чыгара алышпайт. Эгер ар бир мырза аялына ачылып, сырын айта турган болсо, мындай демек:

  • Мага эч кандай милдет жүктөбө. Болгону мени колдоп, ишенсең болду.
  • Мени кез-кез мактап тур, бирок калп мактасаң, аны сезип коём.
  • Биз канчалык жакын болсок да, өз алдынчалыкка мүмкүндүк бер. Бири-бирибизди сагынганга убакыт болсун.
  • Мени өзгөртөм деп убара болбо, экөөбүздүн тең өз көз карашыбыз бар.
  • Катуу кысып кучакта, бирок муунтпа.
  • Башкалар менен сүйлөшкөндө менин сөзүмдү кубаттап тур, бирок менин атымдан жооп бербе.
  • Жакпаган жоопту да кабыл ала бил. Чогуу минусту плюска айландырабыз.
  • Мени кунт коюп ук, бирок ар бир сөзүмдөн ката издебе.
  • Сенин оюңду сурасам, өзүңдү акылдуу сезип, лидер болбо. Жөн гана өз оюуңду айт. Баары бир акыркы чечимди өзүм кабыл алам.
  • Ар дайым менин колдоочум бол. Бирок, менин проблемамды мойнуңа илип, өзүм чечемин деп тырышпа.
  • Болушунча камкор болуп, мээримиңди төк. Бирок, баласын караган энедей болбо.

Жогоруда айтылгандарга макулсуздарбы, мырзалар?

Бул сөздөрдү өзүн сыйлаган мырза айта албашы мүмкүн. Бирок, аял заты билип жүрүшү керек. Мырзалар сүйүктүүсү баштагыдай өзгөрүүсүз калышын каалайт. Аял киши ар дайым жолдошун жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылып келет.