Америкалык мырзалар көйнөктүн ичинен неге футболка кийишет?

27 июля 2021 Америкалык мырзалар көйнөктүн ичинен неге футболка кийишет?

Америкалык мырзалардын көбү көйнөктүн ичинен футболка кийип алышат. Муну голливуд фильмдерин көрүп отуруп, далай байкаган чыгарсыз. Балким, барганда көргөндүрсүз. Алардын мындай кийинүү үлгүсү кайдан чыккан?

Бизде көбүнчө көйнөктүн ичинен майка кийишет. Ошондой болсо да, аларды туурап, майканын ордуна футболка кийгендер жок эмес.

Кээ бирлер көкүрөк тушун жаап жүрүү үчүн кийсе, башкалары көйнөктүн териге тийгизген терс таасиринен кийишет. Биринчиси акылга сыйбас нерсе. Анткени, көкүрөгүн ачып жүргөн мырзалар жок эмес. Ал эми синтетикалык материалдардан тигилген көйнөктөрдүн астынан таза кездемеден футболка кийип алуу акылга сыярлык. Чынында  мындай кийинүү аскердик тартиптен башталган.

АКШ армиясында дал ушундай кийинүү үлгүсү бар. Кызмат өтөп жүргөндө ушундай кийинип жүрүшөт. Анан адат болуп калат. Көбүнчө көйнөктүн ичинен ак түстүү футболка кийип алышат.