Токтогул ГЭСине коюлуучу гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди. Видео

27 июля 2021 Токтогул ГЭСине коюлуучу гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди. Видео

Кыргызстанга Токтогул ГЭСи үчүн гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Анда айтылгандай, “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алып келинген тетик ГЭСке жөнөтүлөт. 

ВИДЕО

Дөңгөлөк Кытайдагы GE Hydro заводунда чыгарылат. Диаметри 5,5 метр, бийиктиги 2,4 метрден жогору, салмагы 76 тонна.

Гидроагрегаттын жумушчу дөңгөлөгү өндүрүш ишканасынан Кыргызстанга атайын шаймандардын жардамы менен жеткирилген. Жабдыктар ГЭСке чейин 4 700 чакырымдан ашык аралыкты басып өткөн.

Станциянын төрт гидроагрегатын тең 2025-жылга чейин алмаштыруу пландалууда.


sputnik