Тажикстандын ТИМи афганистандыктарды кабыл алуу боюнча үн катты

27 июля 2021 Тажикстандын ТИМи афганистандыктарды кабыл алуу боюнча үн катты

Америкалык аскерлер менен иштешкен афганистандыктарды Тажикстандын чек арасына кабыл алуу тууралуу маселе каралган эмес. Мындай маалыматты Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин РИА Новостиге айтып берген.

"Америкалык аскерлер менен иштешкен афганистандыктарды Тажикстандын чек арасына кабыл алуу тууралуу маселе каралган эмес", — деген министр РИА Новостинин суроолоруна жооп берип жатып.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

2020-жылы Вашингтон менен "Талибан" кыймылы Доха шаарында дээрлик 18 жылдык согуштан кийин тынчтык жөнүндө алгачкы келишимге кол коюшту. Анда Афганистандан чет элдик аскерлерди 14 айдын ичинде чыгарып кетүү жана туткундарды алмаштыргандан кийин афгандар ортосундагы сүйлөшүүнү баштоо каралган.


sputnik