Муундарды аяш керек! 40 жаштан соң дене бойду калыбына келтирүү канчалык татаал

27 июля 2021 Муундарды аяш керек! 40 жаштан соң дене бойду калыбына келтирүү канчалык татаал

40 жаштан кийин өзүңө жакпаган дене бойду калыбына келтирүүгө болобу? Бул суроого нутрициолог Цви Бихмандын жообун РИА Новости агенттиги жазды.

"40 жаштан өтүп калганда деле курсакты киргизип, дененин башка бөлүктөрүн чымыр кармаш үчүн көнүгүүлөрдү жасаса болот. Бирок жаш кездегидей тердеп-кургап, күйүккүчө чуркап, оор нерсе көтөрүүнүн зарылдыгы жок. Анткени бул куракта негизгиси адам муундарын сакташы керек", — деди Бихман.

Ошондой эле адис жашы өтүп бара жаткан адамдар спорт менен аз-аздан, бирок күн сайын машыгышы керектигин айтып, пайдалуу көнүгүүлөрдү санап берди.

Нутрициологдун айтымында, муунга күч келбеш үчүн күнүнө эки жолу вакуум көнүгүүсүн (курсакты киргизүү үчүн дем алуу аркылуу жасалган көнүгүү — ред.) жана эки жолу үч мүнөттөн планкага турса болот.

sputnik