Кыргызстанда баалуу металлдардан зер буюм жасаган ишкана ачылды. Сүрөт

26 июля 2021 Кыргызстанда баалуу металлдардан зер буюм жасаган ишкана ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Кыргызалтын Ювелирпром" биргелешкен ишканасы ачылды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ал "Кыргыз алтын" ААКсы, "Алтын" кыргыз зергерчилик заводу" ишканасынын базасында түзүлгөн. Бүгүн, 26-июлда, президент Садыр Жапаров аталган жайга барган.

Мамлекет башчы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыккан.

"Жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүштү калыбына келтирүү, зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоо, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ачылган. Мындан тышкары, долбоор өлкө ичинде, чет өлкөлөргө ата мекендик өндүрүштүн зер буюмдарын сатуу боюнча дүң жана чекене тармакты жаңылоого багытталган. Баалуу металлдар зер буюм түрүндө сатылса негизги салыктардын эсебинен бюджеттин кирешеси кыйла көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.

Соңунда Жапаров баалуу металлдардын өлкө ичинде иштетилиши мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгилеген.


sputnik