Мэрия шаардык кеңешке маршруткадагы жол кире маселесин кароону сунуштады

26 июля 2021 Мэрия шаардык кеңешке маршруткадагы жол кире маселесин кароону сунуштады

Бишкек мэриясы шаардык кеңештен биринчи эле жыйынында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ЖКнын бюджет жанан финансы комитетинин жыйынында вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди. 

Депутат Айнура Аскарова маршруткалардагы жол кире тарифи боюнча маселе кандайча чечилери тууралуу суроо узаткан. 

“Тарифтерди көтөрүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттарына бердик. Маршруткадагы жол акыны – 15, автобус менен троллейбустардыкын 11 сомго жогорулатуу сунушталууда. Учурда биз шаардык кеңештин биринчи жыйынын күтүп жатабыз. Маселени алгачкы эле жыйында карап берүүнү өтүнгөнбүз”, – деди  Сазыкулов. 

Анын айтымында, Бишкек мэриясынын балансында 476 автобус болсо, анын 140ы гана иштейт. 

“183 троллейбустун 110у гана линияга чыгат. Ал эми 3000 маршрутка каттоодон өткөн болсо, 900-1 300ү эл ташыйт”, – деди  вице-мэр. 

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган.


sputnik