АКШда 2034-жылдагы дүйнөлүк согуш апаатын сүрөттөгөн чыгарма жарыкка чыкты

26 июля 2021 АКШда 2034-жылдагы дүйнөлүк согуш апаатын сүрөттөгөн чыгарма жарыкка чыкты

Европадагы НАТО күчтөрүнүн мурдагы жогорку башкы командачысы Жеймс Ставридес жана согуштук аракеттердин ардагери, жазуучу Эллиот Акерман 2034-жылдагы согуш апаатынын сценарийин жазышты. “2034: алдыда болуучу дүйнөлүк согуш тууралуу роман” чыгармасынын үзүндүсүн National Interest басылмасы жазды.

Авторлор 11 жылдан соң Түштүк-Кытай деңизинде АКШ менен Кытай кагылышып, ал “өрттүн глобалдык капташына” алып келерин болжошкон. Бул кагылышууда негизинен дрондор жана учкучсуз аскер техникалары катышат. Авторлор ошондой эле, чыныгы аскердик аракеттер душман системаларына жасалган ири масштабдуу хакердик чабуулдар менен коштолорун жазышкан.

Америкалык адмирал Кошмо Штаттарга алдыңкы биотехнологияга негизделген тутумдар менен интеграцияланган элиталык атайын күчтөрдүн чакан топторун окутууга туура келет деп ишенет.

Авторлор азыр өлкөлөр “мурдагы конфликтилер үчүн куралдарды жасоону, алууну” улантып жатканын, бирок пилотсуз же автономдуу куралга басым жасоо керектигин белгилешкен.


sputnik