Олимпиада: Өзбекстанга биринчи алтын медалды 19 жаштагы спортчу тартуулады. Видео

26 июля 2021 Олимпиада: Өзбекстанга биринчи алтын медалды 19 жаштагы спортчу тартуулады. Видео

Өзбекстандык жаш тхэквондочу Улугбек Рашитов Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада британиялык Брэдли Синденди 34:29 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

ВИДЕО

68 килограммдык салмактагы жаш спортчу ошентип Өзбекстанга биринчи алтын медалды тартуулады. Азырынча ал тхэквондо боюнча Өзбекстандын бирден-бир чемпиону. Рашитовго чейин эч ким мындай ийгилик жараткан эмес.

Күмүш Брэдли Синденге кетсе, коло медалды түркиялык Хакан Речбер жана кытайылык Чжао Шуай алган.


sputnik