Садыр Жапаров коомчулукка эмне үчүн көз айнекчен чыгып жатканы айтылды

26 июля 2021 Садыр Жапаров коомчулукка эмне үчүн көз айнекчен чыгып жатканы айтылды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров көзүнө операция жасалганына байланыштуу жабык имараттардын ичинде дагы күндөн коргоочу көз айнек тагынууга аргасыз болууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, президентке көздүн алдындагы энтропион диагнозу коюлуп, операция жасатууга туура келген. 

Энтропион — бул көздүн алды менен кирпиктердин каректи карай кайрылып калышы. Мындан улам көз кычышып, айнек челдин эрозиясын пайда кылышы мүмкүн.   

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров биринчи жолу коомчулукка күндөн коргоочу көз айнек менен 23-июлда чыккан. 


sputnik