Секс учурунда аял эркекке жагууга милдеттүү эмес

26 июля 2021 Секс учурунда аял эркекке жагууга милдеттүү эмес

Азыр төшөк тууралуу маселелерди козгоп, түйүнүн чечүүгө көмөктөшө турган курстар, тренингдер көбөйдү. Жеке сабак өтө турган коучтар да бар. Бирок, кимиси болбосун, жыныстык катнашта “күйөөгө жагуу” же “күйөөнүн көңүлүн табуу” дегенди башкы орунга коёт. Кеңештер да ошондой берилет.

Эгер аял эркектин, эркек аялдын рахат алуусу жөнүндө ойлосо...

  • Экөөнүн тең оюнда “көңүлүн тапсам, канааттандырсам” деген ой болот. Болгон аракетин кылышыт, оюнда “жагып атабы?” деген гана ой болот.
  • Бирөөнүн көңүлүн табууну каалаганда адам өзүн унутуп коёт. Өзү рахат алуунун ордуна ойлогондой болбой калса, көңүлү түшөт.
  • Мындайда аял да, эркек да өзүнүн каалоосун экинчи орунга коюп, түгөйүнүн кабагын карай берип, айласы кетет. Айласы кеткен адамдын аракети ойдогудай болбойт.
  • Өзү рахат албаганы аз келгенсип, түгөйүнө да рахат тартуулай албайт.
  • Ага болбой эле бышылдап-күшүлдөп, кыңшылай берүү да туура эмес.
  • Чыныгы рахаттан чыккан үн да башкача болорун жакшы билген жуптар бар, жалган рахат төшөктү суутуп жиберет.
  • Өзүн да, өзгөнү да алдаган мындай жыныстык катнашка кийинки жолу табит тартпайт.
  • Мындан улам, экөөнүн ортосундагы мамиле барган сайын сууп, аягы жакшылыкка алып барбайт.

Эгер экөө тең төшөктө өздөрүн ойлосо...

Жыныстык катнашта өзүмчүлдүк болуш керек. Мисалы:

  • Аял да, эркек да өз рахатын алат.
  • Өзү рахат алган сайын аракети да, добушу да чындап ишенимдүү чыгат.
  • Төгөйүнүн чындап рахат алганынан каалоосу андан да артат.
  • Жыныстык катнаштын жашыруун сырларынын бири рахат алганда оргазм бирдей келет. Бир учурдагы оргазм керемет учурду тартуу кылат.
  • Кийинки жолу ошол керкеметти жубайлардын күтөрү анык, ошону дагы бир жолу кайталагысы келет.
  • Мурун уялуу, ишенбестик сыяктуу сезимдер тоскоол болсо, кийин эркиндик пайда болот.