УКМК кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.
Билдирүүгө ылайык, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түштү.
"Кызматкерлер параны вице-мэр менен сүйлөшүп алып талап кылып жатканы аныкталды. Кармалгандар бул ишке вице-мэрдин тиешеси бар экенин айтып, көрсөтмө беришти", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
24-июль күнү вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.