Дүйнөдөгү карызы асман чапчыган мамлекеттер аталды

26 июля 2021 Дүйнөдөгү карызы асман чапчыган мамлекеттер аталды

Япония дүйнө боюнча мамлекеттик карызы эң көп өлкө аталды. Бул туурасында РИА Новости Стратегиялык иштеп чыгуулар институтунун инвестициялык анализ жана макроэкономикалык изилдөө борборунун жетекчиси Даниил Наметкинге шилтеме берүү менен жазды.

Карызынын көлөмү боюнча кийинки орундарда Улуу Британия, АКШ жана Еврозона (евро валютасын колдонгон өлкөлөр) турат. 

Эксперттин айтымында, Япониянын мамлекеттик карызынын суммасы өлкөнүн ички дүң продукциясынан 234 пайызга көп. Ал эми Улуу Британияныкы 144 пайызга, АКШныкы 160 пайызга, Еврозонаныкы 120,4 пайызга көп.

Ошондой эле ал коронавирустук кризистен улам макроэкономикалык шарттар начарлап кетсе дүйнөлүк банктар каржы системасындагы туруктуулукту сактоо үчүн рыноктун өзгөрүшүнө карап адаттан тыш кадамдарга барууга даяр экенин көрсөткөнүн белгилеген.  

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын суммасы 5 миллиард доллардын тегерегинде.


sputnik