Кыргызстандык эки балбан кадеттер арасында дүйнө чемпиону болушту

26 июля 2021 Кыргызстандык эки балбан кадеттер арасында дүйнө чемпиону болушту

Кыргызстандык спортчулар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнө бирикмесинин расмий сайтына жарыяланды. 

ВИДЕО

Күрөш боюнча дүйнө биринчилиги Будапештте өтүп жатат (Венгрия). 

ВИДЕО

Сүйөркулов 51 килограмм салмак категориясында алтын алды. Ал Венгриянын, Россиянын жана Грузиянын балбандарын жеңип финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште украиналык Юрий Товтту 3:1 эсеби менен утту. 

ВИДЕО

Раззак Бейшекеев болсо 60 килограмм салмак категориясы боюнча алтын медаль тагынды. Ал финалга чыгыш үчүн Казакстандын, Германиянын жана Индиянын балбандарын жеңди. Ал эми алтын үчүн ирандык атлет менен кармашып, 4:1 эсеби менен утуп алды. 

Нурболот Бердикулов 45 килограммга чейинки балбандар арасында коло медалга татыды.


sputnik