Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу

23 июля 2021 Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу

Бүгүн, 23-июлда, Токиодо Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.

Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт. Атлетчилер өздөрү да, кыргызстандыктар да медаль алууга үмүт артууда. Sputnik Кыргызстан букмекерлерден өлкө спортчуларынын байгеге жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык экенин билип көрдү.

Олимпиада тарыхы

Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери Олимпиаданын төрт медалына ээ болгон. 2000-жылы Сиднейде дзюдочу Айдын Смагулов коло байгени багындырган. Андан сегиз жыл өтүп Пекинде грек-рим күрөшү боюнча балбандар Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медаль уткан. Дагы бир колону эркин күрөштөн Базар Базаргуруев алган. Пекин Олимпиадасында ал бешинчи орунду ээлеген, бирок 2017-жылы апрелде экинчи орунду алган украиналык спортчу Виталий Федоришиндин канынан доппинг табылып, анын жеңиши жокко чыгарылган. Мунун натыйжасында Базаргуруев үчүнчү орунга илешти. 

Пекинде грек-рим күрөшү боюнча күмүш уткан Канатбек Бегалиев

Демек, учурда Кыргызстандын куржунунда болгону төрт медаль бар, бирок мындан дагы көп болмок. 2016-жылы Иззат Артыков оор атлетикадан алган коло медалынан ажырап калган. Доппингге каршы текшергенде анын анализдеринен тыюу салынган стрихнин заты табылган. Ушул эле Рио-де-Жанейро Олимпиадасында Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүп, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тарткан. Болгондо да Тыныбекова алдыда баратып акыркы секундаларда утулуп калган. 

2016-жылы Иззат Артыков оор атлетикадан алган коло медалынан ажырап калган

Кыргыз бийлигинин үмүтү

Үстүбүздөгү жылдын январында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канатбек Шабданбеков Олимпиадага 21 лицензия жана 3 медаль алуу пландалып жатканын айткан. Иш жүзүндө 18 жолдомо утуп, бирок кийин бир спортчу катышуудан баш тартып, экинчисиники жокко чыгарылды.

Букмекердик конторалардын биринде ата мекендик спортчулардын көпчүлүгүнүн котировкасы бар. Ага Айаал Лазарев (грек-рим күрөшү, 120 килограмм), Роман Петров (фехтование) жана Дарья Маслова (жеңил атлетика) кирбей калган.

Белгилей кетсек, коэффициенти канчалык төмөн болсо, мүмкүнчүлүгү ошончо жогору деп саналат. Ыңгайлуу болушу үчүн спортчуларды букмекерлердин рейтинги боюнча үч топко бөлөбүз. Бул жерде алтын утууга мүмкүнчүлүк тууралуу кеп болуп жатат. 

Токио олимпиадасында жеңүүчүлөргө ыйгарыла турган медалдар

Талапкерлердин экинчи жарымы:

  • Үзүр Джусупбеков — грек-рим күрөшү, 97 килограмм. 46 коэффициент менен 16 спортчунун ичинен 10-болуп баратат;
  • Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү, 77 килограмм. 16нын ичинен 10-11-болуп баратат. Коэффициенти 71;
  • Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү, 76 килограмм. 64 коэффициент менен 16нын ичинен 13-орунда;
  • Эрназар Акматалиев — эркин күрөш, 65 килограмм. 165 коэффициент менен 16нын ичинен 14-орунда;
  • Владимир Золоев — дзюдо, 81 килограмм. Коэффициенти — 81. Дагы эки дзюдочу менен 18дин ичинен 14-16-орунда;
  • Атабек Азисбеков — грек-рим күрөшү, 87 килограмм; коэффициенти — 151, 16нын ичинен дагы эки спортчу менен бирге 12-15-орунда;
  • Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү, 68 килограмм. Коэффициенти — 116, 16нын ичинен 15-орунда;
  • Денис Петрашов — сууда сүзүү (100 метрге, 200 метрге, брасс). "100 метрге брасс" категориясынан 31 спортчунун ичинен 20-21-орунда. Коэффициенти — 116.

Талапкерлердин тизмесинин биринчи жарымы:

  • Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика, 96 килограмм. 13 катышуучунун ичинен 6-орунда. Коэффициенти — 31;
  • Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү, 60 килограмм. 16,75 коэффициент менен 16нын ичинен 8-орунда;

Фаворит

Айсулуу Тыныбекова — кыз келиндер күрөшү, 62 килограмм. Ал талашсыз фаворит, коэффициенти — 2,59. 16 спортчунун ичинен биринчи болуп баратат.

Эске салсак, Тыныбекова өткөн жылы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Эгер ага бул ирет да ийгилик жылмайса, тарых жаратып Кыргызстанга алгачкы ирет Олимпиаданын алтын медалын алып келет.

Белгилей кетсек, бул букмекерлердин гана божомолу. Спортто фаворит деп саналбагандар дагы медалга жетишкен учурлар көп болгон.


sputnik