Түркиянын аймактарын да сел каптады. Жүрөк үшүн алган видео

23 июля 2021 Түркиянын аймактарын да сел каптады. Жүрөк үшүн алган видео

Түркиянын түндүк-чыгышындагы Ризе жана Артвин провинцияларында нөшөрдөн улам катуу сел жүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына таянып РИА Новости жазды.

"22-июль күнү катуу жааган жамгырдан улам Артвин провинциясындагы Архави аймагында суу ташкындады. Дарыянын суусу жээктен ашып, райондун борбору жана айыл жолдорун каптады. Ушундай эле көрүнүш Ризе провинциясындагы Фындыклы аймагында дагы болду", — деп билдиришкен ведомстводон.

Бул аймактарда куткаруу иштери аткарылып жатат. Жерине ички иштер министри Сулейман Сойлу барган. Анын айтымында, каза болгондор жок. Эки адам жаракат алган.


sputnik