23 июля 2021
Жогорку Кеңеш "Үлпөт той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун максаты — жарандардын арасында ашыкча коромжулук, шаан-шөкөт фактыларын жок кылуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо.
Талаптар:
- Той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Үлпөт тойлор 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты үчтөн ашпаган жеӊил автоунааны колдонуу менен өткөрүлөт;
- Сөөктүү коюу, жаназа окуу иш-чараларында катышуучулардын саны чектөөсүз. Бирок бодо мал жана жылкы союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдарга 100дөн ашпаган адам чакырылат, анда дагы чоң мал союуга болбойт;
- Зыяратчыларды узатуу жана тосуу үй-бүлө, жакындар менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат;
- Үлпөт той, маараке, салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 08:00дөн 23:00гө чейин, ал эми жумушчу күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.
Айып пул: эрежелерди бузгандар 8-категориядагы айыпка жыгылышат. Башкача айтканда жеке тараптар — 17,5 миң сом, юридикалык тараптар 55 миң сом төлөйт.