Жыныстык катнашты каалабаган эркек начар унаа сыяктуу

23 июля 2021 Жыныстык катнашты каалабаган эркек начар унаа сыяктуу

Эркек кайда, кайсы элде болбосун баары бир эркек бойдон калат. Башкасын мындай койсок да, сексти эркек башкача кабыл алат. Чынында секс эркектер үчүн эмне? Ушул суроого жооп издеп көрөлү.

Жыныстык катнаш эркектин денесинен башталат

Аялдарга караганда эркектердин сексуалдуулугу алардын денесинен башталат. Аялдарды секске болгон каалоо маанайына жараша, көзү менен көрүүдөн, эстегенинен ойгонсо, эркектерде андай эмес. Бир гана каалоосу ойгонсо болду, анан ошону канааттандырыш керек. Бул тестостерон гормону. Ал боркулдап кайнап чыкканда эркектерде эрекция пайда болот. Эркек жаш, ден соолугу чың болсо эле баары ойдогудай болот.

Эркектер төшөктүн “гурманы”

Эркектер ар дайым төшөккө келгенде “ач карышкыр” болушат. Жарылышы ошондой! Эркекти бала, сексти момпосуй десе болот. Момпосуйду четинен “жейби” же бир гана түрүн жакшы көрөбү, ал табиттен көз каранды.  

Төшөктөгү рахат – энергиянын булагы

Секс менен алектенбеген эркек начар май куюлган унаага окшош. Жүрүп бараткандай болгону менен, андан түшө калып, жөө кеткиң келет. Аны текшерип көрүү да кыйын эмес. Бир ай бою эркектин каалаганын “бербей”, төшөксүз калтырсаңыз, жумушка болгон жөндөмдүүлүгү начарлап, болбогон жерден жаңылып, нерви жукарып баштайт. Бирок, ал күнөөлүү эмес да, болгону убагында “заряддап” туруш керек.

Эркектин сексуалдык кыялы

Аялдардын эң чоң жаңылыштыгы – эркектер түшүндө сексти көп көрөт дешет. Эркектер кыялданбайт, алар салыштырышат! Кыялданганды аялдарга коёлу. Мисалы, эркектер жыныстык катнаш учурунда “футбол ойноп, гол киргизгенди”, саатына 360 чакырым ылдамдыкта “чуркаганды”, эң чоң “танка” менен атууну кыялданышат.

Төшөгү кайда болсо, үйү ошол жерде!

Эркек үчүн кайсы жерде “ысык”, “жайлуу” төшөк болсо, үйү ошол жерде болот. Ошол аялдан эч жакка кетпейт. Жаратылышы ошондой! Жары ысык төшөгү, даамдуу тамагы, таттуу балдары менен тосуп алса, эркек үйдөн бир кадам ашыкча баспайт.

Картайганда да...

Эркектер үчүн эң кооптуусу – жыныстык жөндөмүнүн “өчүшү”. Эркектерде да климакс болот. Албетте, Сексенбай, Жетимишбайларды төрөтө тургандар да бар. Деген менен алар да картаят. Ошондо жанында “мени түшүнгөн, колдогон жарым болсо” дешет. Бирок, картайса да, жаратылышынан алыс боло албайт. Карыса да төшөк астында кол ойнотууга жарайт.