Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти

23 июля 2021 Депутаттар Жапаровдун мыйзам долбоорун бир шарт менен колдоп беришти

Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров демилгелеген шайлоолор жөнүндөгү мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды.

Документке ылайык, партиялык система менен 120 депутатты шайлоо практикасы жоюлуп, аралаш системага өтөт. Жаңы Конституция боюнча парламентте 90 депутат болот. Алардын 35и бир мандаттуу округдан, калган 55и партиялык система менен келет.

Кечээ күнү депутаттар Жапаров менен жолугуу үчүн "Ала-Арча" резиденциясына барышкан. 

"Эл өкүлдөрүнүн айтымында, кечээ президент мандаттар боюнча элдин оюн эске алууну суранып, бирок преференциалдуу системага каршы эместигин билдириптир. Президент 55-56 депутат кайсы система менен шайланышын биз өзүбүз чечишибиз керектигин айтыптыр. Келгиле, ушуну чечишип алалы", — деди депутат Рыскелди Момбеков кесиптештерине кайрылып.

Ага төрага Талант Мамытов жооп берди. 

"Биринчи окууда негиз катары мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Экинчи окууда өзгөртүүлөр киргизилет", — деди спикер.

Депутат Бакыт Төрөбаев экинчи окууда мыйзам долбоор ЖКнын конституциялык мыйзамдар боюнча комитетине түшөрүн айтты. 

"Биз концепцияны биринчи окууда кабыл алабыз. Экинчи окууда мыйзам долбоор биздин комитетке келет. Биз мыйзамдын "ээси" болуп калабыз, БШК жетекчисинин кереги жок болот. Ал жерде биз бардык маселелерди карап, экинчи окууга жөнөтөбүз", — деди ал.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов Төрөбаевди колдоду. 

"Комитетте биз преференциалдык система боюнча өзгөртүүлөрдү киргизе алабыз. Эгер ал жакта оюндар баштала турган болсо экинчи окууда өзүбүздүн сөзүбүздү айтабыз. Баскычтар биздин колдо", — деди ал.

Ал эми Жанар Акаев эркекче келишим түзүүгө чакырды. 

"Эгер кайсы бир себептерден улам преференциалдык системадан баш тартылса, анда биз экинчи окууда мыйзам долбоорду өткөрбөйбүз деп өз ара биригип, сүйлөшүп алышыбыз керек", — деди Акаев.

Жыйынтыгында 99 депутат "макул", алтоо "каршы" деген добуш берди. Жалпы 106 депутат пикирин билдирди.Преференциалдык системаны буга чейин Алтынбек Сулайманов сунуштаган. Ага ылайык, шайлоочу партияны гана эмес, анын курамындагы талапкерлерди дагы тандайт.

sputnik