Жылытуу үчүн үч фазалуу электр энергиясын колдонууга кимдерге тыюу салынат

23 июля 2021 Жылытуу үчүн үч фазалуу электр энергиясын колдонууга кимдерге тыюу салынат

Энергетиктердин билдирүүсүндө быйыл кургакчылык болуп жатканына байланыштуу электр энергиясын болушунча үнөмдөп, мүмкүн болсо альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү сунушташкан.

"Электр казандарга 2021-жылдын 1-августунан баштап пломба коюлат. Катуу күч келип турган учурда электр энергиясын колдон келишинче үнөмдөө керек. Андай болбосо абонентке электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим жокко чыгарылат", — деп айтылат билдирүүдө.

"Пломба коюу боюнча айтсак, эгер күз-кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болсо, техникалык шарттарында "жылытуу укугу жок" деп жазылган абоненттерге чектөө коюлушу мүмкүн", — дешти маалымат кызматтан.

Июнь айынын ортосунда кыргызстандыктарга негизи эле жылытууга электр эгергиясын пайдаланууга тыюу салынары тууралуу билдирүүлөр келгени айтылган.

"Күз-кыш мезгилинде электр жана башка жылытуучу шаймандарды колдонууга тыюу салынат. Эреже бузган абоненттерге электр энергиясы чектелүү гана бериле баштайт, — деп жазылган билдирүүдө.

Анда дагы "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы мындай билдирүү техникалык шарттарында "жылытуу укугу жок" деп жазылган абоненттерге гана таратылып жатканын айткан.


sputnik