“Алгачкы махабатым турмушка чыкпай картайды”. Мырзалар, кыз – үйдүн коногу экенин унутпайлычы!

22 июля 2021 “Алгачкы махабатым турмушка чыкпай картайды”. Мырзалар, кыз – үйдүн коногу экенин унутпайлычы!

Кыз бала ата-энесине күйүмдүү болот. Бирок, ал да бирөөнүн жары, энеси болуш үчүн жаралган. Бирок, ата-энесин уулдары карабасачы? Айла жок бул милдет кыз баланын мойнуна жүктөлөт.

Биздин бүгүнкү каарманыбыз “ата-энени уулдары карашы керек” дейт. Анын мындай дегенине себеп бар. Анткени, мектептеги алгачкы махабаты энесин караймын деп турмушка чыкпай калганын айтат.

“Назгүл сулуу эле. Сабакты да жакшы окучу. Бирок, анын үч агасы болгондуктан, сөз айтууга батынбайт элек. Баатырдык кылып кат жазган бир эле мен.  

Назгүл менен эки жылдай мектепти бүткөнчө кат алышып жүрдүк. Мектептеги Алтын күз майрамында белинен кармап бийлегеним болбосо, аны агалары дискотекага да, туулган күндөргө да жөнөтүшчү эмес. Он биринчи класста окуп жүргөндө эл жатаар маалда макулдашкан боюнча үйүнө барсам, агасы чыгып, сазайымды колума берди.

Андан кийин Назгүлгө жолой албай жүрдүм. Мектепти аяктап, мен шаарга окууга кеттим. Назгүл да шаарда агасынын үйүндө жүрүп окумай болду. Агалары катуу кармап, ашыкча бастырчу эмес.

Кийин Назгүлдүн атасынын көзү өткөн соң, агалары айылдагы үйүн сатып, апасы экөөнө шаардан батир алып беришти. Бул учурда Назгүл диплом алып, улуу агасынын жанында иштеп жүргөн.

Анын үч агасы тең жогорку билимдүү, өз алдынча ишкердик кылышчу. Бирок, жалгыз карындашына эркиндик берип, жакшы жигит жолукса, өз алдыңча болуп, турмуш кур дешкен жок. Тескерисинче, үчөө үч жактан аңдып эле отуруп алышты.

Энесинин жанынан чыкпай жүргөн кыз башка турмуш бар экенин билчү эмес. Мен өз алдымча иштеп, бутума туруп калган кезде Назгүлдүн колун сурап бардым. Ал энесинин ооруп жатканын, анын жалгыз таштап кетпейт экенин айтты. Ошентип, мен башкага үйлөнүп алдым. Турмуш курган соң ар ким өзү менен өзү болду.

Мектепти бүтүргөнүбүзгө 30 жыл болгондо классташтар чогулдук. Ошол кечеге Назгүл да келди. Ал турмушка чыкпаптыр. Себеби – оорукчан энесин карап, жанында болуптур. Энесинин көзү өткөнүнө үч жылдан ашканын айтты. Эми гана жалгыздыкты сездим. Эми менин колумду ким сурамак эле, деп муңайды. “Жок дегенде бала төрөп алсам кана, эми кеч...” деген Назгүлдү аяп кеттим.

Эч ким менен аралашпаса, кайда барса жанында энеси жүрсө, кайдан жигит менен таанышат эле? Назгүл го мейли, агалары, энеси, жеңелери неге ойлогон жок? Назгүл өмүрүнүн жазы кантип өтүп кеткенин билбей калды. Мен агаларын күнөөлөдүм. Карыганда ата-эне уул баласынын колунда туруш керек. Энеси менен бирге турган кыздын турмушка чыгышы кыйын...” дейт биздин окурман. Сиздин оюңуз кандай?