Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео

22 июля 2021 Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео

Жол кырсыктарын алдын алуу багытында Талас милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ролик тартты. Анда каргашанын бирден-бир себеби уюлдук телефонго алаксуу экени белгиленет.

Видео Ички иштер министрлигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Видеодон үйлөнө турчу жаштар сейилдөөгө чыгып, колукту унаадан белин чыгарып сүрөткө түшүп, аны сүйүктүүсүнө көрсөтүп жатканда жол кырсыгына кабылганын көрүүгө болот.

Талас милициясы жол кырсыктарга унааны катуу ылдамдыкта жана мас абалда айдоо, жолдогу белгилерге көңүл бурбоо, ошондой эле уюлдук телефонго алаксуу себеп экенин белгилейт.

Буга байланыштуу милиция айдоочуларды жолдо этият болуп, жоопкерчиликти сезүүнү эскертти.


sputnik