Жапаров мамлекеттик резиденцияга барган депутаттар менен эмнени талкуулады

22 июля 2021 Жапаров мамлекеттик резиденцияга барган депутаттар менен эмнени талкуулады

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуп, бир катар олуттуу маселелер боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору талкууланды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мамлекет башчы бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын айтты.

“Мындан тышкары, Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары сыяктуу эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи”, — дешти маалымат кызматтан.

Эске салсак, президент 21-июлда парламент депутаттары менен жолугушкан.


sputnik