Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймагында ири аскердик машыгуу өткөрөт

22 июля 2021 Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймагында ири аскердик машыгуу өткөрөт

Тажикстандын Согди облусунда масштабдуу аскердик машыгуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу облустун жетекчилигине шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзоданын айтымында, облус, район жана шаарларда аскерлердин жана запастагы жарандардын катышуусу менен машыгуулар өткөрүлөт.  

Маалыматка караганда, машыгуунун негизги максаты — аскерлердин даярдыгын, мобилизациясын жана аймактык коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү. Ошондой эле жеке курамдын тажрыйбасын жогорулатуу, аскер түзүмдөрүнүн аракеттерин ыраатка келтирүү.  

"Аймактагы жана дүйнөдөгү көрүнүштөр, террористтик жана экстремисттик топтордун активдешүүсү, эл аралык кылмыштуулуктун күч алуусу ар бир жоокер менен офицерден кесиптик кыраакылыгын жоготпошун талап кылууда”, — деди Ахмадзода. 

Эске салсак, Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Согди облусу Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешет.


sputnik