Олимпиада ачылышында КРдин туусун эки спортчу көтөрүп чыкмай болду. Себеби

22 июля 2021 Олимпиада ачылышында КРдин туусун эки спортчу көтөрүп чыкмай болду. Себеби

Токио Олимпиадасынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыгат. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Буга чейин тууну ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова гана алып өтөрү айтылган. Бирок кийинчерээк Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн мындан кийин (Токио Олимпиадасынан баштап) тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечим кабыл алганы айтылат.  

Мурда парадда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон. Бирок күрөшчүлөр жерине ачылыштан кийин барары белгилүү болгон соң, бул вазыйпа башка спортчуларга өткөрүлгөн.  

Олимпиада оюндарынын ачылышы 23-июлда болот.


sputnik