Эскертүү! Кыргызстанда күн кайра катуу ысыйт

21 июля 2021 Эскертүү! Кыргызстанда күн кайра катуу ысыйт

Кыргызгидромет жарандарга эскертүү берди.

Маалыматка ылайык, 21-23-июль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.

Ал эми 24-июлдан 27-июлга чейин аптаптуу ысык болору болжолдонууда.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз ысыктын табы +38…+40 градуска, Талас облусунда +37…+39 градуска чейин жетет.


sputnik