2100-жылы Кыргызстанда канча киши жашайт? БУУнун божомолу

20 июля 2021 2100-жылы Кыргызстанда канча киши жашайт? БУУнун божомолу

2100-жылы Кыргызстандын калкы 71 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтарына таянып "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналына жазды.

Уюмдун божомолуна ылайык, 2100-жылы Молдова, Украина жана Литва өлкөлөрүнүн калкынын саны эки эсеге кыскарат.

Ал эми элинин саны өскөн көрсөткүч боюнча мурдагы СССРден тараган мамлекеттердин ичинен Тажикстан лидер болот. Кошуна өлкөнүн калкы 172 пайызга өсөрүн адистер белгилешет. Экинчи орунда Кыргызстан жайгашса (+71 пайыз), үчүнчү сапта Казакстан (+50 пайыз) болору болжолдонот.

БУУнун адистери Өзбекстандын калкы 28 пайызга өсөрүн болжогон. Беларусь менен Россияныкы, тескерисинче, бири 21 пайызга, экинчиси 14 пайызга азаят.

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, азыркы тапта өлкөнүн калкынын саны 6,6 миллионду түзөт.


sputnik