Олимпиада: спортчу төшөк мамилесине жол бербейт делген керебетти сынап көрдү

20 июля 2021 Олимпиада: спортчу төшөк мамилесине жол бербейт делген керебетти сынап көрдү

Ирландиялык гимнаст Рис Маккленахан картондон жасалган керебетти сынап көрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Олимпиадага катыша турчу спортчулар төшөк кумарына батпаш үчүн картондон жасалган керебетке жатышары айтылган. Мындай керебеттер адам катуу кыймылдаса эле сынып калары белгиленген.

Спортчу Twitter тармагындагы баракчасына керебеттин үстүнө бир нече ирет секирген видеосун жарыялады.

ВИДЕО

"Антисекс-керебети чындап эле картондон жасалыптыр. Бирок адам катуу кыймылдаса эле сынып калат деген сөз – жалган", — деди ал.

Мындай керебеттер коронавирустун жыныстык катнаш аркылуу жугушуна бөгөт коюу максатында жасалган.


sputnik