Эркектер неге аяларга кол көтөрүшөт? Себептери

19 июля 2021 Эркектер неге аяларга кол көтөрүшөт? Себептери

Ар нерсенин себеби бар. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун да өз себеби бар. Уруштун себепчиси аял деп күнөөлөбөй, эркектердин абалына психологиялык талдоо жасап көрөлү.

Биринчи себеп: бала кездеги психологиялык жаракат

Бул эң көп тараган себеп. Кичинекей кезинде атасынын орой мүнөзүнө чыдап өскөн, көп таяк жеген балдардын 60 пайызы кийин тиранга айланат. Мындай эркек кийин өз үй-бүлөсүнө ушундай мамиле кылат. Анын түшүнүгүндө эркек ушундай болуш керек деген ой калыптанып калган. Мейли ал өз атасын жек көрсүн, аны мойнуна албаса да, өмүрүндө алгач тааныганн эркек киши – атасы анын кумири бойдон калат. Кээде каалабаса да атасына окшогусу келип, андан көргөнүн кайталайт. Мындай адамдар психолог менен узак убакыт бою иштеши керек.

Экинчи себеп: аракечтик

Уруп-согуунун 80 пайызы ичимдиктен келип чыгат. Ичкен кезде аялын уруп, акыл-эсин жоготуп, өзүн башкара албай калган эркектер көп. Мындай эркекти ичирбей койгон аял гана ур-токмоктон аман калат. Башка жолу жок.

Үчүнчү себеп: эркелик

Эркектин тиранга айланышынын дагы бир себеби – ата-энесинин бала кезинде катуу эркелеткени. Ал баарынан бийик болуп, дегени дароо орундалганына көнүп калган. Бир туугандары менен ата-энесинен эркелетүүнү, сый-урматты көүп өскөн эркек аялынын шашпаганын, айтканын унутуп койгонун түшүнгүсү келбейт. Кичинесинде ыйлап, тополоң салып, айтканын орундаткан эркек чоңойгондо кылыгын ур-токмок менен чечүүгө алмаштырат. Мунусу биринчиден жазалоо болсо, экинчиден “мага бардык нерсеге уруксат” деген түшүнүктүн калыптанып калаганынан кабар берет.