Коронавирустан айыккандан кийин вакцина алуунун кажети барбы? Дарыгердин жообу

19 июля 2021 Коронавирустан айыккандан кийин вакцина алуунун кажети барбы? Дарыгердин жообу

Коронавирус менен ооруп айыгып, андан кийин вакцина алган бейтаптардын иммунитети башкалардыкына салыштырмалуу күчтүү болот. Бул тууралуу дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Ал белгилегендей, "ооруп айыккандан кийин антитело иштелип чыгат, эмдөөдөн өтүүнүн кандай кажети бар" деген суроону көпчүлүк берип келет. Буга байланыштуу иммунитет тууралуу ири иликтөөлөр чыккан.

"Сакайгандардын иммунитети коронавирустун кайсы түрү менен ооруса ошондон жакшы коргойт, бирок башка штаммдардан начар сактайт. Вакцина алгандардын иммунитети бардык штаммдардан коргойт, болгону "түштүк африкалык" же "бета" штаммына катуу таасир эте албайт", — деген Мясников.

Дарыгер жалпысынан эмдөөдөн өткөндөр оорудан оолак болорун кошумчалаган.


sputnik