Төшөк мамилесине жол бербей... Олимпиада катышуучулары өзгөчө керебетке жатышат

19 июля 2021 Төшөк мамилесине жол бербей... Олимпиада катышуучулары өзгөчө керебетке жатышат

Токиодогу Олимпиадага катыша турчу спортчулар төшөк кумарына батпаш үчүн картондон жасалган керебетке жатышат.  Бул тууралуу LAD Bible басылмасы жазды. 

Мындай керебеттер адам катуу кыймылдаса эле сынып калат. Алар 200 килограммга чейин салмакты көтөрө алат. Мындай жатак жайларын орнотуу чечимин Эл аралык олимпиада комитети кабыл алган. Уюм пандемия учурунда спортчулар төшөк кумарына батпайт деп ишенерин билдирген.

Спортчулар жашай турчу аймактын башкармасы Такэси Китадзиманын пикиринде, оюндун катышуучулары  жеңишин керебетке секирип деле  майрамдабайт.

Буга чейин олимпиада катышуучуларына презерватив таратылып, бирок аны колдонууга тыюу салынганы маалымдалган.


sputnik