Диетолог ысыкта эртең менен кайсы тамактарды жебеш керектигин айтты

19 июля 2021 Диетолог ысыкта эртең менен кайсы тамактарды жебеш керектигин айтты

Диетолог Нурия Дианова күн өтө ысып жатканда эртең мененки тамакка да көңүл буруу керектигин айтты. Дарыгердин эртең мененки тамак тууралуу кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Анын айтымында, тамак рационун аба ырайына карап түзүү керек. Күн өтө ысып жатканда адамдын организми мурдагы жеп жүргөндөй көп тамакты талап кылбайт. Бирок айрым азыктардан, маселен, буудай акшагынан жасалган боткодон соң курсак бат ачышы ыктымал. Себеби ал организмге бат сиңип кетет.

Медик ысыкта боткону сүт менен жасабай эле койгон оң экенин белгилеген.

"Сүт менен жасалган ботко ысыкта бат бузулат. Жайкысын боткону сууга эле жасап, ага жер-жемиш аралаштырып койгон оң. Айрыкча, сулу акшагынын боткосуна көңүл буруу керек", — деди Дианова.

Диетолог боткого кургатылган жемиш эмес, жаңы бышкан жемишти кошуп жеш керектигине кеңеш берген.


sputnik