Өзбекстан жараны Токиодогу олимпиада стадионунда кыз зордуктоого шектелип жатат

19 июля 2021 Өзбекстан жараны Токиодогу олимпиада стадионунда кыз зордуктоого шектелип жатат

Японияда Өзбекстандын жараны Давронбек Рахматуллаев Олимпиада оюндарынын ачылышы жана жабылышы болгон улуттук стадиондо аял зордуктоого шектелип кармалды. Бул туурасында Tokyo Reporter жазган.

30 жаштагы шектүү студенттин аталган стадиондо ЖМК өкүлдөрүн тамак-аш менен камсыздаган фирмада иштеген. Жабырлануучу 20 жаштагы кыз экендиги, анын Олимпиада оюндарын уюштуруу бөлүмүндө иштээри айтылды.

Портал окуяга чейин экөөнүн Токиодогу улуттук стадиондо Олимпиада оюндарынын ачылышы жана жабылышы боюнча өткөрүлүп жаткан даярдыкты көрүп турушканын жазган.

Япониядагы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта аяктайт.


sputnik