КАНДАЙ БАЛА АТА-ЭНЕСИН КАРТАЙГАНДА ТАШТАП КЕТЕТ?

16 июля 2021 КАНДАЙ БАЛА АТА-ЭНЕСИН КАРТАЙГАНДА ТАШТАП КЕТЕТ?

Ата-эненин балдарга болгон сүйүүсү чексиз, ошон үчүн балдарынын көп каталарын кечирип клеишет. Бирок, балдар чоңойгон сайын баарын унута башташат. Эл арасында “баласы энесин уруптур, атасы менен мушташыптыр”, “дүнүйө талашып, ата-энесин үйдөн куу чыгыптыр” деген окуялар айтылып келет. Кээ бирлер ата-энеге көңүл буруп, урматтап, сыйлоо керектигин билбейт.

Арийне, ата-энелер балдарынын жүрүм-турумуна, жаман мамилесине өздөрү күнөөлүү. Психологдор ата-энесин таштап кете турган балдарды айрым белгилери аркылуу бирүүгө болорун айтышат. Алар кандай белгилер?

Ата-энесине жокту таап бере турган адам катары мамиле кылышат

Кээ бир ата-энелер балдарым кыйналбасын, эч нерсеге муктаж болбосун деп алардын оозунан чыкканын аткара беришет. Айтканы орундалган, эч кыйналбай жеткен дүнүйө баланы өзүмчүлдүккө үйрөтөт. Натыйжада ата-энеси акча бербей калган мезгилде уул-кызынын мамилеси дароо өзгөрөт. Ошондуктан, балага бергенди эле эмес, андан алганды да үйрөтүш керек. Кичинесинен колундагы таттууну үйүндөгүлөр менен бөлүп жегенди үйрөнгөн бала келечекте камкор, мээримдүү болуп чоңоёт.

Кээ бир балдар үй иштерине жардамдашкысы келбейт

Бала үйдөгү ар бир адамдын белгилүү бир милдети бар экенин түшүнүшү керек. Энеси үй иштери менен, атасы сырттагы иштер менен алек болгондо, бала да өзүнө ылайыктуу майда-барат иштерге көмөктөшөт. Мисалы, өз бөлмөсүн жыйнайт, дастаркон салганга, жыйганга жардам берет. Кадимки үй-бүлөлөрдө ушундай көрүнүш орун алат.

Эгер “ал кичине”, “бала деген үй жыйнап, идиш жуубай, ойнош керек” деген пикир калыптанса, анда ал үйдүн балдары келечекте ата-энесинен алыстап кетет. Ошондуктан, баланы үч жашынан баштап үй жумуштарын жасоого милдеттендирүү керек. Алгач оюнчуктарын жыйноого, бир жылдан кийин гүлдөргө суу куюуга, тамактангандан кийин идиштерин жыйноого көнөт.    

Бейгам өскөн бала

Жоопкерчиликтүү адам гана башкалар тууралуу ойлой алат. Эгер ата-энеси баланын көзүнө карап чоңойтсо, келечекте бизге кам көрөт деп үмүт кылбай эле коюш керек. Бала бейгам болуп чоңоёт.

Бала өзүн керексиз сезет

Кээде ата-энелер бала менен баарлашууну, эркелетүүнү унутуп калышат же убактысы болбой калат. Мындай жагдайда чоңойгон бала таш боор, мерез болуп калат. Психологдор бактылуу жашоо үчүн жакындарыңыз менен күнүнө кеминде 8 жолу кучакташуу керек дейт. Ата-эненин назарынан тышкары калган, өзүн керексиз сезген бала келечекте ата-энесине кайрымдуу болбойт.