Эркектик каалоону кайсы азык көбөйтө турганын адис айтып берди

16 июля 2021 Эркектик каалоону кайсы азык көбөйтө турганын адис айтып берди

Ашкабактын уругу эркектик каалоону арттырууда кадимкидей таасирин тийгизет. Бул тууралуу диетолог жана гастроэнтеролог Алина Будаковская "Москва 24" каналына айтып берген. 

"Ашкабактын уругу эркектер менен катар эле аялдарга да өтө пайдалуу. Себеби анда цинк көп. Ал тестостеронду бөлүп чыгарууда да өзүнүн ролун ойногондуктан, эркектердин төшөк мамилесинде зарыл болгон азык. Аялдардын тырмагы менен чачы жакшы өсүп, бекем болушу үчүн цинк маанилүү заттардын бири", — деген дарыгер.

Адис ашкабактын данегин даяр болгон салатка жана суюк тамакка кошсо болорун айтып, бирок аны бышырбаш керектигин эскертти.

Дарыгер андан сырткары күн караманын данегинин пайдалуу экендигин да билдирген.

"Күнкараманын уругунда биздин организмдин сакталышында эбегейсиз ролду ойногон Е витамини – өтө мыкты антиоксидант бар. Эрте карылыктын алдын алат, бул сырткы көрүнүшкө эле эмес, ички органдарыбызга да тиешелүү. 100 грамм семичкеде витаминдин күндүк нормасы эки эсе жогору экендигин жана мунун организмге эч кандай зыяны жоктугун айтып кетейин", — деп түшүндүргөн ал.

Будаковская ошондой эле кунжут жана зыгырдын данектеринин да пайдалуу жагына токтолгон. Анын айтымында, кунжутта жез менен кальций көп. Ал эми зыгырдын данеги ашказан ооруларында, гастритте пайдалуу.


sputnik