15 июля 2021
Россиялык интернет-аукциондордун биринде 50 тыйындык купюра сатыкка коюлду.
Маалыматка караганда, ал 2001-жылы чыккан. Баштапкы баасы — 4 миң 60 рубль (4 640 сом) деп көрсөтүлгөн.
Сатуучу мындай жогору баа койгонунун себебин купюра өзгөчө сериядан экенин түшүндүргөн. Тагыраагы, катар номери тетиринче басылган купюра басып чыгаруу учурунда жараксыз болуп калгандардын ордуна колдонулат. Бул сериядагы акчалар саналуу гана көлөмдө басылып чыккандыктан, нумизматтар арасында жогору бааланат.