Дарыгер ашказан рагынын алгачкы белгилерин атады

14 июля 2021 Дарыгер ашказан рагынын алгачкы белгилерин атады

Cancer Research UK медициналык уюмунун адистери ашказан рагын баштапкы стадиясында кантип аныктоого болорун айтышты. Дарыгерлердин пикири РИА Новостиге жарыяланды.

Ага ылайык, аталган дартка кабылган бейтаптардын көбү бир нерсе жутуп жатканда кыйынчылык жаралганын айтып, тамак ооруй турганын белгилешкен.

"Бир нерсе жеп-ичкенден кийин көкүрөк же тамакта бир нерсе туруп калгандай сезилет. Бул шишиктин чоңоюп келе жатканынан кабар бериши ыктымал. Ошол эле учурда аталган белги башка да оорудан кабар бериши мүмкүн", — деп жазылат билдирмеде.

Медиктер ашказандын ооруганы басылбаса дарыгерге көрүнүүнү сунушташкан. Адатта ашказан рагына кабылгандарда бул орган үч аптага чейин жанды кыйнайт.


sputnik