Москвада мушташкан мигранттарды депортациядан тышкары дагы кандай жаза күтөт

14 июля 2021 Москвада мушташкан мигранттарды депортациядан тышкары дагы кандай жаза күтөт

Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткендердин баары Россиядан депортацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин борбор калаа боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Ведомство тараткан билдирүүгө караганда, мушташ тууралуу маалымат полицияга 12-июль күнү кечинде түшкөн. Натыйжада станцияга полиция менен Росгвардиянын кызматкерлери барган. Кийинчерээк полиция бөлүмдөрүнө 103 киши алып келинген. Мушташка Борбордук Азиядан баргандар катышканы айтылууда.

Ал арада социалдык тармактарда болжол менен кыргызстандык делген эки эркек кишинин тажикстандыктар тарабынан сабалганын айткан видеосу тарады. 

Полиция ушу тапта иликтөө иштерин улантууда, ошентсе да чырды уюштурууга күнөөлүү деп табылган мигранттар депортацияланары анык болуп калды. Бул тууралуу Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди. 

"Чет өлкөлүк жарандарды эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде кое берүү каралган эмес. Айыбы аныкталгандан кийин адам сотко чейин камакка алынат. Эгер кылмыш мөөнөтү аныкталса, жазасын өтөйт, андан кийин, албетте, депортацияланат", — деди ал.

Коженовдун айтымында, ушу тапта республикалардын диаспоралары чыр ырбап кетпеши үчүн мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Мен ЖМКлардан жана жөнөкөй адамдардан соцтармакта жүргөн видеолорду бөлүшпөөнү өтүнөт элем. Күтүүсүз окуялар болуп кетет. Мигранттардын 99 пайызы — бул Россияда жашап, иштеп, салык төлөп, мыйзам бузбаган адамдар. Бейбаштар өтө эле аз санда, алардын кылыгы мигранттарга көө жаппашы керек", — деди Коженов.

Москвадагы Миграция боюнча эл аралык уюм да ушундай пикирде.

"Биз чет өлкөлүк жумушчулардын Россия аймагында чырга аралашуусун сындайбыз. Башка мамлекетте жаңжал чыгаруу туура эмес, бул Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жашаган мигранттардын баарынан шек жаратат. Окуя массалык көрүнүшкө айланып кетпеши үчүн ИИМдин көзөмөлүнө алынды", — деди уюмдун директору Абдусаттор Эсоев.

Россия ИИМинин маалыматы боюнча, чырдын катышуучуларына административдик эреже бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү. Ушу тапта мигранттарга Россияда жүрүү эрежесин бузуу жана майда бейбаштык боюнча айып коюлууда. Депортациядан тышкары, күнөөлүү мигранттар айыпка жыгылып, Россиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн.


sputnik