Сабиз арзандады. Азыр канчадан сатылып жатат?

14 июля 2021 Сабиз арзандады. Азыр канчадан сатылып жатат?

Базарларда сабиздин баасы турукташып, арзандай баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жашылчанын наркы жыйым-терим башталгандыгына байланыштуу жана мамлекеттик агенттиктин текшерүүлөрүнөн кийин төмөндөгөн.

"Азыр "Сары-Өзөн" базарында жуулган сабиздин бир килограммы 50 сомдон, ал эми жуула элеги 45 сомдон сатылып жатат. Соода түйүндөрүндө, базарларда да сабиздин баасы арзандап, 60-70 сомдон сатылууда", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, жашылча-жемиш жана жаныбарга тамак саткан базарларга текшерүүчү мекемелер баа белгилей албайт. Ошентсе да Монополияга каршы агенттик кырдаалды анализдеп, ишкер, сатуучулар менен сүйлөшүп, кырдаалды турукташтырууга аракет кылат. Агенттик башка маанилүү товарлар сыяктуу сабиздин баасына да көзөмөл жүргүзүп турарын кошумчалады.

Эске салсак, бир нече апта мурда Кыргызстанда айыл чарба азыктарына болгон нарк кескин өсүп кеткен. Анын ичинде сабиздин бир килограммы 100 сомдон ашса, картошка 60-70 сомдон сатылып жаткан.


sputnik