Оргазм алууну кааласаңыз, кызыл түстүү ич кийим кийиңиз

14 июля 2021 Оргазм алууну кааласаңыз, кызыл түстүү ич кийим кийиңиз

Ар бир адамдын жыныстык каалоолору ар башка болот. Кимдир бирөөнү аялдардын тордолгон ич кийими козгосо, башкаларды эркектин жылаңач көкүрөгү дүүлүктүрөт.

Жыныстык катнашка болгон каалоону түрдүү түстөгү ич кийимдер да козгой алат. Эгер кимдир бирөөгө секс менен алектенүүгө чечкиндүүлүк жетишпей жатса, төшөктүн шейшептерин, ич кийимдерди тандоодо, уктоочу бөлмөнү жасалгалоодо өзгөчө бир түстү пайдалансаңыз болот.

Оргазм алуу үчүн кызыл түс керек

Куштарлыгыңыз ойгонсо да, кумарыңыз канбай калган учурлар көп болобу? Анда төшөктүн шейшебин кызыл түскө алмаштырыңыз. Аял кызыл түстүү ич кийим кийсе андан да жакшы. Түстүн адамдын маанайына таасир этерин эске алсак, анда кызыл түстү көп колдонгондор төшөк рахатынын туу чокусуна чыгып, оргазмдын даамын көп татышат.

Токсары (кызыл-сары) түс сексти көңүлсүз өткөргөндөргө арналган

Эч бир себепсиз эле кээде маанай “буттун учуна түшүп” калат. Жарың канчалык каалап, өлүп-тирилип жатса да, жыныстык катнашты каалабаган жандар болот. Мына ушундайларга токсары түсү жакшы таасир этет. Аны эрте күндө даярдап коюу керек. Уктоочу бөлмөнүн пардасы ушул түстө болсо, маанайды тез көтөрөт.

Сары түс чечкиндүүлөргө арналган

Кай жакта болбосун, секске келгенде чечкиндүүлүк өтө маанилүү. Адам өзүнүн сексуалдык каалоору жөнүндө кыялданганы менен, төшөккө келгенде кетенчиктегендер бар. Айрыкча жаңы позага келгенде. Ушундай адамдар үйдүн интерьерин сары түскө алмаштырса, же кийимин сары түстө кийсе, оң таасир берет. Башкача айтканда, жыныстык катнаштан кандай рахат алууну билбей жатсаңыз, сары түскө көңүл буруңуз.

Жашыл түс – жаңы өмүр

Жашыл түс жашоонун белгиси. Уктоочу бөлмөнүн интерьеринде жашыл түс колдонулса, көп үй-бүлөдө жаңы өмүрдүн пайда болушуна, тагыраагы, кош бойлуу болууга таасирин тийгизет. Демек, ысык кучактын натыйжасы бойго бүтүрүү болсо, жашыл түскө маани бериңиз.

Эркин кыймылдоо үчүн көгүлтүр түс керек

Төшөккө келгенде кыбырап, оюндагысын ишке ашыра алба калгандар аз эмес. Дене каалоосун аткаруу үчүн эркиндик керек. Эгер төшөктөн рахат алууда сизге эркиндик жетишпесе, анда интерьерде да, кийимде да көгүлтүр түстүн болгону жакшы.

Көк түстү акыл менен “кыймылдай тургандар” пайдаланышат

Ооба, жыныстык катнашта да акыл керек. Чектен чыкпай, төшөктө адамдык сапатты жоготпоого көк түс жардам берет. Айрыкча орой мамилеге жол бербей, жыныстык катнашты өз деңгээлинде болуусун каалагандар жана от-жалын болуп “алоолонгондорду” басууга көк түстү пайдалануу керек.