13 июля 2021

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандагы республикалык штаб бөбөктөрдү инфекциядан кантип коргоо туурасында сунуштарды жарыялады.
Буга чейин Эне жана баланы коргоо боюнча борбордун жетекчиси Кыргызстанда COVID-19 менен балдар көп ооруй баштаганын айткан эле. Эгерде өткөн жылдын жаз айларында тумоологондордун арасында 0,8-2 пайызынан коронавирус деген статистика аныкталса, бул күндөрү көрсөткүч 11-14 пайызга жеткен.
Ата-энелерге, чоңдорго кичинекейлерди оорудан коргоо боюнча беш кеңеш сунушталды:
- пандемиянын күчөп турган маалында балдарды башкалар менен аралаштырбоо;
- үйдү көбүрөөк, жок дегенде бир күндө бир ирет желдетип, дезинфекция кылган каражаттар менен жууп чыгуу;
- коомдук жайларга же мекемелерге алып чыкпоо;
- балдарга бетин, колун көп кармалоого, колун оозуна салууга, көздөрүн колу менен сүртө берүүгө болбой турганын түшүндүргүлө. Себеби бул нерселер инфекцияны таратуучу кошумча себептер;
- баланы сейилдеп келгенден кийин, ажатканага баргандан кийин колун сөзсүз самындап жууганга үйрөтүү. Себеби кир колдор да инфекциянын булагы болушу мүмкүн.