КР командасы Олимпиаданын ачылышына кандай кийим менен чыгат. Сүрөт

13 июля 2021 КР командасы Олимпиаданын ачылышына кандай кийим менен чыгат. Сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушууга Олимпиадага катыша турган спортчулар параддык кийим кийип барды. Маалыматты салтанатка катышкан Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов тастыктады.

Анын айтымында, кийимдер "Дилбар" мода үйү тарабынан тигилген. Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым.

"Форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Бир кишиге даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Мунун баары Улуттук олимпиадалык комитеттин эсебинен жасалды", — деген ал.

Быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан. 

Тагыраагы, балбандар: Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, жөө күлүктөр: Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров алды. Ошондой эле Паралимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган. 

Олимпиадалык командага грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков капитан болуп дайындалган.


sputnik