Аялзаты, бүгүн буларды сөзсүз аткар!

13 июля 2021 Аялзаты, бүгүн буларды сөзсүз аткар!

Кандай гана психологиялык китептерди ачпайлы, “Эң биринчи өзүңдү сүй” деген сөздү көп кездештирүүгө болот. Бул “балдарыңды, жарыңды, туугандарыңды жакшы көрбө” деген сөз эмес.

Адам алдыда эмне күтүп турганын билбейт. Кайгы басканда, кыйындык башка түшкөндө адамга жардам бере турган анын өзүндөгү сүйүүсү. Аялзатына сүйүүдөн артык күч бере турган эч нерсе жок. Бирок, муну бала менен күйөө түшүнө бербейт. Ошондуктан, аялдын өзүн-өзү сүйүүсү, өзүн өзү баалоосу өтө маанилүү.

Спихологдордун айтымында, күч-кубат менен сүйүү канчалык көп болсо, бактысыздыкты, ийгиликсиздик, психикалык жана физикалык ооруларды жеңүү ошончолук жеңил болот. Ал эми сиздин энергияңыз жана сүйүүңүз качан көбөйөт?

Өзүнө кам көрүү

Адам өз денесине күндө же болбосо аптасына бир кам көрүшү керек. Аларга мончого, сулуулук салонуна баруу, маска менен массаж жасоо, чач кестирүү жана боёо, тырмак жасалгалоо, спорт менен машыгуу кирет. Ушул иш-чаралар адамдын өзүнө болгон сүйүүсүн арттырат.

Белек берүү

Сиз башкалардан көп белек алсаңыз да, өзүңүзгө эмне жагарын сизден бөлөк эч ким билбейт. Эмгек акыңыз аз болсо да, анын бир бөлүгүн өзүңүзгө жумшаганга көнүңүз. Өзүңүзгө жаккан атыр сатып алыңыз. Жада калса кооз сумка, көйнөк, колго арналган крем сатып алуу да өзгөчө дем берет, күч-кубат берет. Бул өзүңүзгө өзүңүздүн, башкалардын да урматын арттырат.

Сейилдөө, көңүл ачуу

Жаныңызга жакын адамдар менен же жалгыз сейилдөө – эң жакшы дем алыш. Бир проблеманы чече албай, ойлоно берип чарчасаңыз, кийим дүкөндөрүн кыдырууну (эч нерсе атып албасаңыз да) адатка айландырыңыз. Маселени чечүүнүн айласын издебей, аллеяда жай сейилдеп чыгуунун пайдасы зор. Ал эми көлдө, бассейнде сүзүү, жакын достор менен кафеге барып чай ичүү жан дүйнөңүздү чыңдайт. Ошондуктан, аял киши мезгил-мезгили менен үйдөн чыгып турушу керек.