“Лол” куурчагы, слайм, спиннер, вквиш... Ар мезгилдин өзүнүн вирустук оюнчуктары болот экен. Бизге аты да, заты да жат болгону менен, аз убакыттын ичинде балдар үчүн эң кызыктуу оюнчук болуп чыга келди. Бирдей сатып алуу башталды. Кээ бир ата-энелер баласы үчүн издеп барып алып берип жатышат.
Сиздин да балаңыз алып бер деп жатабы? Эгер суранса алып бересизби? Суроого жооп берерден мурун оюнчуктун пайдасы менен зыяны тууралуу билип алыңыз.
Поп-ит – өндүрүүчүлөр муну антистресс оюнчугу деп тааныштырды. Анткен менен, алгач нерв системасында бузулуу бар, аутизм менен ооругандарга арналганын эч ким айтпайт. Поп-иттин жардамы менен кармана албаган негитивдүү эмоцияларын басууга болот. Поп-ит алакандай көлөмдөн баштап, чоң табактай болгон көлөмгө чейин чыгарылган. Симпл-димпл дал ушунун чөнтөккө сыя турган үлгүсү. Экөө тең Тик-ток блогерлеринин жарнамасы менен таанылып, бедели көтөрүлүп, оюнчуктардын арасында эң көп суроо-талапка ээ боло алды.
Бирок, акыркы учурда психологдор “антистресс” деп аталган бул оюнчуктун пайдасынан зыяны көп деп коңгуроо кагып жатышат.
Клиникалык психолог Ирина Коржаеванын пикиринде, поп-ит менен көп ойногон бала квалификациялуу невропатолог, психологдордун жардамына муктаж болот. Себеби, антистресс оюнчугун көп ойноо көз карандылыкка алып келет. Психикасы калыптанып келе жаткан кезде эмоцияны таанып-билип, аны башкарууну үйрөнүүнүн ордуна антистресске карай чуркай турган болот. Аны менен жакшы эмоцияларды да басып салат. Көп өтпөй бала сезимдерин билдире албай, жакшы менен жаманды айырмалай албай калат. Адам баласы үчүн кандай эмоцияны башынан өткөрүп жатканын таанып-билүү өтө маанилүү.
Дагы бир россиялык психолог Елена Игина “асан-үсөн” оюнчугунун зыянын айтып берди.
Эрежесиз, кыймылсыз, аң-сезимсиз узак убакыт бою бир жерде козголбой отуруу баланын психикасындагы деградацияны ойготот. Башкача айтканда, жетилүү эмес, артка кетүү орун алат. Муну баланын кирпигин бат-бат кагышынан, көзүн ирмешинен, чачын оозуна салганынан, тырмагын тиштегенинен байкоого болот. Поп-ит менен ойноо аң-сезимсиз бир өңчөй кыймыл аркылуу ишке ашарын эске алганда, бала канчалык көп ойносо, анын психикасына ошончолук көп сокку уруларын түшүнүүгө болот.