Эмдөөдөн өткөндөр да маска тагынышы керекпи? Иммунолог эмне дейт

13 июля 2021 Эмдөөдөн өткөндөр да маска тагынышы керекпи? Иммунолог эмне дейт

Вакцина алгандар коронавирустун "укмуш тараткычы" болгондуктан сөзсүз бет кап тагынып жүрүшү керек. Бул тууралуу РИА Новости аллерголог-иммунолог Владимир Болибокко таянып жазды.

Анын айтымында, эмдөөдөн өткөндөр такыр оорубайт деген кепилдик жок, бирок ооруну иммунитет көтөрө алат.

"Вакцина сайдыргандар көбүнчө симптомсуз формада ооруп, вирустун алып жүрүүчүсү болуп эсептелинет. Муну өзү билбегендиктен көп кишиге жуктуруп алышы мүмкүн", — деген Болибок.

Иммунолог белгилегендей, оорулуу менен түз байланышта болгондо коргоочу маска жуктуруу мүмкүнчүлүгүн болжол менен 25 эсе азайтат.

Ал эми вирусту алып жүргөн адам бет кап тагынса айланадагыларды төрт эсе коргой алат.


sputnik