Бир депутат мандатын тапшырса кайра шайлоо өтөт. ЖК тууралуу сунушталган мыйзам

12 июля 2021 Бир депутат мандатын тапшырса кайра шайлоо өтөт. ЖК тууралуу сунушталган мыйзам

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө бир мандаттуу сестема менен шайланган депутат мандатын тапшырса, анын ордун толтуруу үчүн кайра шайлоо өткөрүү сунушталууда.

Аталган мыйзам долбоору тууралуу коомдук талкууда ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековадан бул жагдайдын логикасын сурады.

"Депутат кызматтан кеткенден кийин анын ордун толтуруу үчүн жаңы шайлоо дайындалат. Кыргызстандын тарыхында мындайды көргөнбүз. Бир мандаттуу шайлоодон кийин баарынын соттон башы чыкпай калган. Аягы көрүнбөгөн шайлоолор дагы соттук териштирүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет. Эмнеге экинчи орунду алган талапкерге мандатты өткөрүп берсе болбойт? Ортодогу айырмасы бир-эки эле добуш болушу мүмкүн", — деди Алтыбаева.

Шайлдабекова бир мандаттуу системада аз добуш алган талапкердин шайланууга укугу жок экенин айтты.

"Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы изилденди. Бардык жакта жаңы шайлоо дайындалат. Бул системада экинчи орунду алган талапкер шайланды деп эсептелбейт. Эгер көп добуш ала албаса, ага мандат берүү туура эмес болот", — деди БШК төрайымы.

Ошондой эле ал президент деле мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотсо кайра шайлоо дайындаларын мисал келтирди.

sputnik