Дарыга акча таппай акка моюн сунгандар. Ракты жеңүү Кыргызстанда кыйын жана кымбатпы?

11 декабря 2018 Дарыга акча таппай акка моюн сунгандар. Ракты жеңүү Кыргызстанда кыйын жана кымбатпы?

Онкологиялык илдетке кабылгандар рак илдети менен күрөшүү кыйын жана кымбат экенин айтып, мамлекет дартка даба болчу дары менен химиотерапияны акысыз, жок дегенде арзан кылып берсе деп суранууда.

Ооруну жеңсе болорун дарыгерлер да, айыккандар да айтып келе жатышат. Анткен менен баары барып эле каражатка такалууда. Кыргызстанда рак илдети менен күрөшүү эмне себептен кымбат? Бул залалдуу ооруга каршы дары-дармектердин "асман чапчыган" баасын көзөмөлдөөгө болобу? Sputnik Кыргызстан агенттиги териштирип чыкты.

"Дарыга" деп акыркы малын саткан үй-бүлө

Нурлан Абдыкеевдин жубайы Гүлүм үч жыл мурда эмчек рагына кабылган. Акча тартыштыгынан дарыгерге бир барып, бир барбай жатып шишик чоңоюп кеткен. Дартты дарылап бүткүчө оңбогондой каражат кетээрин укканда, келин оору менен күрөшүүдөн баш тартып койгон.

"Жашоо шартыбыз жакшы эмес. Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде бир бөлмөлүү батирде жашайбыз. Уулдарыбыз мектепке барат. Кокустан эле минтип ооруп, иштей албай калдым. Баарыбызды баккан — жолдошум. Анын да жумушу жеңил эмес, унаа жууйт. Тапкан акчасынын баары дары-дармегиме кетип жатканын көрүп "ушундан көрө өлүп калганым жакшы" деген ой келди", — деди келин.

Апамдан жашырган сырым бар. Морфин алган кыргызстандыктар жөнүндө

Нурлан Абдыкеев аялын аман алып калыш үчүн азыр колунан келген аракетин көрүп жатат. Дары-дармегине деп айылдагы акыркы малын сатыптыр.

"Жер алсакпы деп мурда келинчегим экөөбүз акча чогултуп, мал алып койгонбуз. Анын акыркысын саттым. Унаа жууган жайдан "жакшы" дегенде күнүнө 500-600 сом табам. Бирок ал эч нерсеге жетпейт. Дары-дармек, химиотерапия бүт кымбат экен. Тапкан акчаны балдардын кийим-кечесине, тамак-ашка, андан сырткары батирдин акысына да жеткиришим керек", — деди Абдыкеев.

Онкологиялык ооруларга чалдыккан аялдардын "Курдашым" коомдук фондусунун жетекчиси Шайыр Сагынбаева Гүлүмгө окшоп кымбат дарыларга каражат таппай кыйналган бейтаптар көп экенин айтты. 

"Кыргызстанда эмчек рагына каршы колдонулуучу герцептин деп аталган дарынын 150 граммдык бир флакону 26 миң сом турат. Бирок дарыгер 300 грамм жазып берет. Аны алыш үчүн 52 миң сом табыш керек. Андан сырткары, химиотерапия, башка дарыларды кошкондо 100 миң сомго чыгып кетет. Жашоо шарты начар адамдар бул акчаны кайдан табат? Ошол себептен эле алар бул дүйнө менен кош айтышууда. Жакынкы эле Казакстан, алтургай Тажикстанда онкологиялык ооруга чалдыккандарга дары-дармегинен тартып медициналык кызматка чейин акысыз экен. Бизде да ушул маселени чечип беришсе..." — деди Сагынбаева.

Статистика

Онкология жана гематология борборунун берген маалыматына таянсак, жылына залалдуу шишик дартына 4500-5000ге чукул адам кабылат экен. Бул илдеттен өлкө боюнча 2018-жылы эле 3501 киши көз жумса, анын 1720сын аялдар, 431ин 14 жашка чейинки балдар түзгөн.

Мыйзамга таянсак

"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" мыйзамдын 2-бөлүмүнүн 5-беренесинде "Өкмөт рактан жабыр тарткан адамдарга медициналык жардамдын бардык түрлөрүн акысыз көрсөтүп, ооруну басаңдатуучу дары-дармектер менен аларды бекер камсыз кылууга милдеттүү" деп жазылып турат. Бирок бейтаптар мыйзамда жазылган нерселердин көбү иш жүзүндө аткарылбай жатканын айтып нааразы болушууда.

Химиотерапия эмес, химиялык дары-дармектер кымбат

Онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков аталган дартка чалдыккан бейтаптарга өкмөт көп эле жеңилдиктерди көрсөтөрүн айтты. Ал залалдуу шишикке кабылгандар көбүнчө химиялык дары-дармек ала албай кыйналып жатканын билдирди. 

"2017-жылдан бери залалдуу шишикке кабылган бейтаптардын операциясы жеңилдетилген формада жасалууда. Эң көп төлөнгөнү 14500 сом болсо, эң азы 3188 сом берет. Анын ичинен жеңилдик алгандар операция акысынан бошотулат. Нур терапиясы бизде акысыз. Мындан сырткары, эмчек рагы менен жабыркагандарга химиотерапия бекер жасала баштады. Жакында эле өкмөт бул дарттын бардык түрү менен ооругандардын дары-дармегине деп 2,5 миллион сом бөлдү. Бирок ушул тапта ооруну басаңдатуучу эмес, ооруну айыктырып, ракты өлтүрө турган химиялык дары-дармектердин кымбаттыгы башкы маселе болуп жатат. Анын баасын биз көзөмөлдөй албайбыз. Химиялык дары-дармектер үчүн өкмөттүн бюджетинен каражат каралган эмес", — деди Тилеков.

Эмчек рагына кабылган Мамлакат Халматованын айтымында, бул илдеттин дары-дармектери башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда кымбат. 

"Үч жылдан бери бул дарт менен күрөшүп келе жатам. Бактыма шишик химиотерапиядан эле жок болуп, операция жасаткан жокмун. Бирок дагы эки жыл аромазин деген дарыны ичип турушум керек. Ал Кыргызстанда 3000 сом болсо, Россияда 1400 рубль турат экен. Бишкектен алууга акчам жетпей, тааныштар аркылуу Россиядан алдырып жатам. Ошондой эле эрбисол деген дарынын 10 ампуласы Кыргызстанда 3500 сомдон сатылса, Украинада сом менен эсептегенде 900гө алса болот", — деди Халматова.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин адиси Айша Сулайманова Кыргызстанда илдетти жок кыла турган дарылар эмне себептен кымбат экенин түшүндүрүп берди.

"Негизи онкологиялык дарылар жогорку технология менен жасалгандыктан дүйнө жүзү боюнча кымбат. Бизде регрессивдүү шкала деген бар. Анда дары канчалык кымбат болсо, ага аз эле акча кошулат. Анын үстүнө шишикке каршы дарылардын көбү биздин республикада катталган эмес. Анткени өлкөдө калктын саны аз, фармацевттик рынок аябай кичинекей. Ошондуктан ал дары-дармектерди каттоо жана алып келүү фармацевттик ишканаларга пайдалуу эмес. Ал эми Россияда рынок аябай чоң. Мисалы, аларда европалык мыкты бир компания менен жыл башында келишим түзүшөт. Келишимде дарыларды каттаганда туруктуу бир бааны белгилейт. Доллар көтөрүлүп же төмөндөп кеткенине карабай туруктуу ошол наркты кармап турат", — деди Сулайманова.

Жакында эле Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда өткөн "Эмчек рагын алдын алуу жана ага кабылган аялдарга жардам берүү" деп аталган жыйында эл өкүлү Махабат Мавлянова илдетти дарылаган трепан-биопсия деп аталган эки аппаратты сатып берүүгө даяр экенин билдирген. Ал эми депутат Аида Касымалиева химиотерапиянын дары-дармектерине кеткен чыгашаны келерки жылдын бюджетине киргизүү маселесин социалдык комитетте жана мамлекеттик деңгээлде көтөрөрүн убадалаган.



Дагы: sputnik.kg, фото -© AP Photo / Esteban Felix, автор - Таалайгүл Усенбаева