Министр Бейшеналиев COVID-19дун мизи качан кайтарын айтты

12 июля 2021 Министр Бейшеналиев COVID-19дун мизи качан кайтарын айтты

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну эң бийик чегине жетти, 10-15 күндөн кийин анын мизи кайта баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

"Үч ай мурда эпидемиологиялык абалдын эң курч учурун июнь-июль айларына туура келет деп айткам. Менин оюмча биз эң жогорку чегине жеттик. Оору 10-15 күндөн кийин азая баштайт", — деди министр.

Акыркы жумаларда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал өтө курчуп, күн сайын 1 миңден ашык кишиден вирус аныкталып жатат. Ошондой эле COVID-19 суткасына 10го чукул кишинин өмүрүн алууда.


sputnik