Өбүшүүнүн 18 түрү жана алардын мааниси

12 июля 2021 Өбүшүүнүн 18 түрү жана алардын мааниси

Америкалык жазуучу жана илимий кызматкер Шерил Киршенбаумдун “Өбүшүү илими” деген китебиндеги теория боюнча, өбүшүүнүн 100дөн ашык түрү бар. Алар түрдүү сезимдерди билдирет. Алардын арасынан кеңири тараган 18 түрүн сунуштайбыз.

  1. “Французский поцелуй”. Кумарланууну билдирет. Кээде сезимдерин сактап калган жашы, бир топко барып калган жубайлардан да жолуктурса болот.
  2. Тез өбүшүү. Жабылган эриндер менен өбүшүү, эл алдында болот. Көбүнчө көптөн бери чогуу жүргөн, мамилелердин жаңы деңгээлине көтөрүлгөн жуптардан кездештирүүгө болот.
  3. Беттен өбүү. Өз ара кам көрүүнү эске салат.
  4. “Воздушный поцелуй” жуптардын флиртти жакшы көрөрүнөн кабар берет.
  5. Кулпу менен ачкычтын айкалышы сыяктуу өбүшүү. Көбүнчө бир жакка шашкан, бирок бири-биринен ажырай албай жаткан түгөйлөрдө болот.
  6. Периштенин өбүшү. Бул түгөйлөрдүн бири уктап жатканда көздөн өбүү. Чын дилинен сүйгөндүктү жана ишенимди билдирет.
  7. Мурундан өбүү. Жуптардын тамашакөй экендигинен кабар берет. Уруш-талашты жакшы басат.
  8. Чекеден өбүү кам көрүүнү жана берилгендикти билдирет.
  9. Кулактан өбүү. Дененин абдан сезимтал жери. Көңүлдү ачат, көтөрөт. Жашоодон жаңы таасирлерди алууга болгон каалоону көрсөтөт.
  10.  Кулактын көнөчөгүнөн кумары ашып ташкан жубайлар өбүшөт. Бул эң интимдүү жана романтикалуу түрлөрүнүн бири.
  11.  Колдон өбүү – бул сыйды жана суктанууну билдирген эң эски түрү. Эрежеге ылайык колдон өпкөн эркек аялдан кыйла улуу болушу керек.
  12.  Моюндан ачык жана кумарлуу жандар өбүшөт. Алардын ар бир нерсеге өз пикири бар.
  13.  “Засос” – бул адам бош эмес деген “белги”. Бул кызганчаактыктын белгиси болушу мүмкүн.
  14.  Бир гана эринди активдүү колдонуу менен өбүшүү – мамилеси бекем жуптарга тиешелүү, алар бирге убакыт өткөрүүнү жакшы көрүшөт.
  15.  Эскимосторчо өбүшүү – мурундарды бири-бирине тийгизүү. Мамилеси абдан бекем түгөйлөр ушинтишет.
  16.  Ылдыйкы эринди тиштеп алып өбүшүү – темпераменттүү адамдардын кылган иши.
  17.  “Вакуумный” өбүшүү – физикалык контакт абдан маанилүү болгондор ишинтип өбүшөт. Мында жубайлар бири-бирин бүтүндй соруп алгысы келгендердин өбүшү.
  18.  Денелерди тийгизип туруп өбүшүү. Бири-бирин түшүнгөн жуптардын өбүшү.